Кара-Балта тоо-кен комбинатынын (КТКК ААКсы) жана”ЮрАзия в Кыргызстане” ЖЧКсынын юристтери Кыргызстан өкмөтүнүн үстүнөн арбитраждык сотко доо-арыз жазганы калышты. Бул тууралуу 1-ноябрда “ЮрАзия в Кыргызстане” компаниясынын өкүлү Андрей Акимов билдирди.
“Жогорку Кеңештин уран казып алууга жана өлкөгө киргизүүгө толук кандуу тыюу салган чечиминен кийин юристтер чыгымдарын, албай калган кирешесин эсептеп, КР өкмөтүнө доо-арыз даярдай башташты”, – дейт Андрей Акимов.
Болжол менен келтирилген зыян 100 млн долларды түзөт. Бул каражат маморгандардан лицензия алганга, чалгындоого, инфраструктура курулушуна жана башкаларга кеткен.
Белгилей кетсек, Кыргызстанжа уран казууга лицензия алган бир нече компаниялар бар. Акимовдун маалыматы боюнча, алар дагы доо-арыз даярдай башташыптыр.
Эскерте кетсек, 31-октябрда Жогорку Кеңеш үчүнчү окууда уранды жана курманыда уран бар заттарды казууга, иштетүүгө, өлкөгө киргизүүгө тыюу салган мыйзамды колдошкон эле.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ