Menu

24-ноябрда Эски аянтка элди чогултуп, референдум өткөрүүнү талап кылганы жатышат

Бөлүшүү:

Элдик демилге тобу Жогорку Кеңешти Башмыйзамды бузгандыгы боюнча айыптап, 24-ноябрда Эски аянтка элди чогултуп, коомдук талкуу кылганы жатышат. Бул тууралуу 1-ноябрда топтун мүчөсү Айбек Мырза билдирди.

Анын айтымында, элдик демилге тобу референдум жарыялоону талап кылып, 12 миң 700 кол чогултуп, 29-июнда эле Жогорку Кеңешке өткөрүп беришкен экен. “Бардык мөөнөттөр өтүп кетти, парламент биздин демилгени өз сайтына элдик талкууга коюшу керек болчу. Төрт ай күттүк. Ошондуктан эми биз талкууну өз алдынча кылалы деп чечтик”. – дейт Айбек Мырза.

Референдумга үч маселени алып чыгшат экен:

  1. Элдик курултай институтун Конституциянын субъектиси катары эсептейсизби жана курултайдын өкүлдөрүнүн алдында президент менен Жогорку Кеңеш жооп бериши керек деп эсептейсизби?
  2. Кандай башкаруу формасын колдойсуз: парламенттикпи же президенттикпи?
  3. Кыргызстанда кандай шайлоо системасы болууга тийиш: пропорционалдыкпы, мажоритардыкпы же аралашпы?

Ал Эски аянтта болчу форумда “Кен жөнүндө” мыйзамга киргизилген өзгөрүүлөр маселеси да коюлат. Демилгечи топтун пикиринде, чет элдик компанияларга кен иштетүүгө лицензия сатууда инвестор менчик ээси боло албайт. Биргелешкен ишкананын 51 пайызы мамлкетте калат.

Эскерте кетсек, Кыргызстанда Башмыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча акыркы референдум 2016-жылы 11-декабрда өткөн. Эгемендүлүк алгандан бери сегиз референдум болуп, бардыгында Башмыйзамга өзгөртүү киргизүү каралган.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 34 − = 30

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: