Бети жоктуктун бийик үлгүсүн көрсөткөн Мирлан Жээнчороев коомчулуктан ийменип койбостон, абийирине каршы балта чаап, шайлоо босогосун 9%дан 5 пайызга түшүрүү демилгесин коомдук талкууга койду. Биз таң калып бүтө албай олтурабыз. Дегенибиз, мындан эки жыл мурун, 2017-жылдын май айында, ушул Мирлан Жээнчороев шайлоо босогосун 9%га көтөрүүнү демилгелеп: «Бүгүнкү күндө Кыргызстанда 200дөн ашуун партия бар, аларды бириктирүүчү идеология жок. Босогону 9%га чейин жогорулатуу – лидерлердин диалогуна жана экономикалык туруктуулукка алыр келет» – деп табактай бетин бүлкүлдөтүп, анысын мыйзамдаштырган. Эми эки жыл өтө электе эски сөзүн унутуп -шайлоо босогосу канчалык жогору болсо, түрдүү саясий партиялардын тобу “көчөдө” калат да, алар өлкөдө саясий кырдаалды туруктуу жолунан тайдыруу коркунучун жаратып, элди митингдерге алып чыгууга жөндөмдүү болот” деген негиздеменин алдында мыйзам жазыптыр. Бул жүрүшү менен Жээнчороев элди таптакыр ойлобой эле “дөөрүп” коерун, принциби жок бир көр пенде экенин тастыктады да.
Булак: “Де-Факто”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ