Menu

Жалал-Абад мамлекеттик университетке коомдук ишмер Бекмамат Осмоновдун ысымы ыйгарылды

Бөлүшүү:

Жалал-Абад шаарындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетине (ЖАМУга) саясий жана коомдук ишмер Бекмамат Осмоновдун ысымы (кечээ, 1-ноябрда) ыйгарылып, окуу жайдын алдында анын бюсту ачылды. Мындай иш-чарага маркумдун туугандары, жакындары, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана окуу жайынын эмгек жамааты катышты.

Эске сала кетсек, мындан эки жыл мурун эле Бекмамат Осмоновдун ысымын аталган окуу жайга берүү демилгеси көтөрүлгөн.  Мындай маселени 2017-жылы университеттин эмгек жамааты жана жергиликтүү тургундары көтөрүп, Жалал-Абад шаардык кеңеши колдоп берген.

Бекмамат Осмонов 1945-жылы Базар-Коргон районундагы Акман айылында төрөлгөн. Жалал-Абад облусунун биринчи губернатору (1991-жылы) болгон. 1997-жылы 28-октябрда 52 жашында каза болгон. Москва шаарында жүрөгүнө операция жасалган. Маркумдун төрт уул, эки кызы бар.

Булак: KyrgyzToday.kg

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 29 = 37

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: