Menu

Авазбек Абдраимов: “Кадамжайда “каралар дүйнөсүнүн” үстөмдүк кылуусуна жол бербейбиз”

Бөлүшүү:

Кыргыз милициясынын 95 жылдыгына карата…

Ушул жылдын 1-январынан баштап  укук бузуулар менен жоруктар жөнүндө жаңы  кодекстер жана мыйзамдар күчүнө киргени маалым. Күчүнө кирген жаңы кодекстер укук коргоо органдарынын ишин жакшыртууга, калктын милицияга болгон ишенимин арттырууга, укук коргоо чөйрөсүндөгү реформаны ишке ашырууга, өзгөчө укук коргоо органдарынын ишмердүүлүгүн жарандын укугу менен эркиндигин жана коомдун кызыкчылыгын коргоого багытталган. Бүгүнкү күндө аталган мыйзамдар жана кодекстер канчалык деңгээлде иштеп жатат деген соболдун айланасында, дегеле кылмыштуулук, алдын алуу иштери жаатында  Кадамжай РИИБдин башчысынын ыкчам иштер боюнча орун басары, милициянын капитаны Абдраимов Авазбек Назырович менен маек курдук.

Гумандуулук жакшы көрсөтүлгөн…
– Ооба, жаңы мыйзамдар менен учурда толук кандуу иш алып барып жатабыз. Биздин коомго канчалык деңгээлде шайкеш келип жаткандыгын билбейм, бул эми убакыттын иши го деп ойлойм.  Бирок жеке мага жаккан жагы мында гумандуулук жакшы көрсөтүлүптүр. Албетте ар бир иштин күңгөйү менен тескейи болот эмеспи. Анысы кандай бул жерде да бир аз кемчиликтери бар экен. Алсак, бул мыйзамдарда  жоруктар жана кылмыштар деп бөлүнгөн жери бар. Мындай жорукка же кылмышка барган адам он миң сомго чейинки чыгымдарын өндүрүп берет. Мына ушул жерден буга чейин бир нече ирет соттолуп, абакта отуруп келген  же туура эмес жолдо жүргөн айрым кылмышкерлер ушул жерден пайдаланып кетишүүдө. Алар он миң сомго чейинки товарларды уурдасам, жоопкерчиликке тартылбайт экенмин деген түшүнүктө болуп жатышат. Бирок жалпысынан жакшы, иштеп жатабыз. Башында кооптонуп, коркунучтуу көрүнгөн. Бардык эле жаңы иш башталганда ушундай болот
эмеспи. Азыр сабактарды өтүп, кайра-кайра түшүндүрүү иштерин жүргүзүп  жатып, эл бир топ эле көнүп калды.

Алдамчылык өсүп кетти…
-Биздин Кадамжайда  кылмыштуулуктун эң көп катталып, өсүп кеткен түрү алдамчылык жана уурулук. Мурун кандай кылмыш катталса да алгач иликтеп, тергөөчү тергеп, бул жарандык-укуктук мамиле, бул алдоо деп бөлүп алып ошого жараша иш кылынчу. Азыр бардыгы эле кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, мурдагыдай иш козголмой жок. Мына ушул нерсе да алдамчылыктын өсүшүнө шарт түзүүдө деген ойдомун. Тергөөчү тарабынан толук кандуу иш жүрүп, сөзсүз түрдө чечим кабыл алынышы шарт. Катталгандан кийин  чечим кабыл алынганга чейин бети ачылбаган кылмыш болуп тура берет. Бирок, бизде бети ачылбай калганы болгон жок, бардыгынын бети ачылууда. Биз кылмыштардын жана жоруктардын  бирдиктүү реестрине катталган бардык материалдардын  54 пайызга чейинкисине  чечим кабыл алабыз.  Бул жерде кылмыш иши ачылган, бирок чечим кабыл алына элек, тактап айтканда  сотко жете элек материалдар болот. Ал эми оор жана өзгөчө оор кылмыштар боюнча айтсам, быйыл бизде  бир оор кылмыш катталды. Анын үстүнөн учурда иш жүрүп жатат.

Заманбап шаймандар жана кызматтык унаабуз жок…
– Милиция кызматкерлердин эмгек акысы баарына эле белгилүү. Штат боюнча биздин ыкчам кызматта 17 кызматкер иштейт. Ар биринин өзүнүн багыттары,аткарган кызматтары бар. Моралдык, психологиялык абал өтө жакшы. Балдар арасында ынтымак күчтүү. Район негизинен чек арада жайгашкандыктан, Өзбекстан, Тажикстан менен болгон ар кандай чыр-чатактарда бара калып, чек арачы да болуп кетебиз. Башкача айтканда кылмыш иштин үстүнөн гана иштебейбиз. Мен элимди, жеримди коргошум керек деген ураандын алдында чек арачылар менен, карапайым калк менен биримдикте иш алып барабыз. Анткен менен материалдык, техникалык базабыздын чабалдыгы ойлондурат. Имаратыбыз эми жаңы курулуп жатат, ал эми кызматтык унаабыз жок, ыкчам өкүлдөргө каралган эмес. Кылмышкерди колго түшүрүү же кылмыштын бетин ачууга көмөкчү заманбап техникалык каражаттар жок. Андай техника бизде эмес, Баткен облусунун ички иштер башкармалыгында жок. Чек арада чыккан жаңжалда дайыма ошондой техникага муктаж болобуз. Коңшу мамлекеттин кызматкерлери андай курал-жарак, техника менен толук камсыз болушкан. Бирок кандай кырдаал болбосун даяр туруп, колубуздагы бар техника менен кызмат кылып келебиз.

Каралар дүйнөсүнүн үстөмдүк кылуусуна жол бербейбиз…
-Кадамжай районунун аймагында диний абал тынч. Райондо 190 миң адам жашайт. Тажик, өзбек улутундагылар башка улуттардын өкүлдөрүнө караганда көбүрөөк. Үч-Коргон айыл аймагында эле 27 миңдей тажик бар. Тажиктер  динге берилген адамдар болушат. Ошондуктан бизде көбүнчөсү ушу Уч-Коргон айыл аймагынан Сирияга кеткен же барып келген фактылар арбын. Ал боюнча да Ички иштер министрлигинин жана Улуттук коопсуздук кызматынын кызматкерлери менен ар дайым толук кандуу жумуш жүргүзүп турабыз. Бардыгын тактап, ким эмне иш менен алек экенинен кабардарбыз. Келгендерине иш козголуп, чара көрүлөт. Бирок, мамлекетибизде тыюу салынган бир дагы диний агым бизде жок. Ошондой эле эл арасында “каралар” спорттук жайларга ээлик кылаары туурасында ар кандай кептер
айтылып жүрөт. Түштүктөгү башка райондорду билбейм, бирок Кадамжай районунда андайга жол берген спорттук жай жок. Ар бир спорттук жайды ким куруп берип жатканы, анда эмне иштер жүрүп жатканынан биздин кабарыбыз бар. Дайыма көзөмөлдөп турабыз. “Каралар” дегендин өзү биздин аймакта жок, жолой дагы алышпайт. Бул же тигил уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү деген тизмеде биздин район боюнча болгону эки гана жаран каттоодо турат. Ал экөө да учурда камакта. Каралар дүйнөсүнүн үстөмдүк кылуусуна жол бербейбиз. Алар тарабынан жүргүзүлгөн рэкетчилик, тоноочулук деген түшүнүк да жок. Аны мен ишенимдүү түрдө айта алам.

Балдарыма жетишээрлик көңүл бөлө албай калам…
– Кичинемде атам менен чогуу жүргөндө атамды МАИ кызматкерлери тосуп, токтотуп калчу. Андайда атамдын жинденгенин, капаланганын көрүп калат элем. Милицияларды, дегеле форма кийген адамдарды кыйын, күчтүү, авторитет көрөт элем. Ошондой майда-чүйдө окуялар эле мага таасир берсе керек. Орган адамы болоорумду ата-энеме айтсам алар колдошкон. Азыр деле колдоп турушат. Бирок, атам жактан да, тай жагыман да погон тагынып, күч түзүмүндө иштеген жалгыз менмин. Көпчүлүк убактым чынында жумушта өтөт.  Ошондон улам балдарыма, жубайыма өздөрү каалагандай жетишээрлик  көңүл бура албай калам. Андайда бир аз таарынып калганы болбосо, келинчегим негизинен  жумушумду түшүнөт, мени дайыма колдоп турат.

Булак: «Жаңы Ордо»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 14 − = 9

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: