Куудул, ырчы Борончу Кудайбергенов бүгүн, 2-ноябрда Ташкенттен тартылган тасма аркылуу кесиптештеринин майрамы менен куттуктады.
Куудул Б.Кудайбергенов Ташкентке 31-октябрда кеткен, ал «Эл достугу» ордосунда өткөн өзбекстандык куудул Обид Асомовдун (маркумдун үй-бүлөсүнүн чакыруусу менен барган – авт.) эскерүү кечесине катышкан. Сахнада сөз сүйлөп, Асомовдун үй-бүлөсүнө маркумдун сүрөтү түшүрүлгөн картинаны тапшырса, кыздары аны көрүп ыйлап жибергенин журналисттерге билдирген.
Обид Асомов былтыр Борончу Кудайбергеновдун чакыруусу менен Кыргызстанга келип, куудулдун концертине катышып, кыргыздарга күлкү тартуулаган жана НТС телеканалындагы берүүсүнө келип, жакшы маек куруп берген.
Эске сала кетсек, Москвадагы “Кривое зеркало” шоусундагы куудул Обид Асомов былтыр 14-декабрда 55 жашында каза болгон. Асомовго Өзбекстандын мурдагы президенти Ислам Каримовдун тушунда чоң сахнага, телерадиого чыгууга тыюу салынган. Ошондон кийин Орусияга кетип калган. Он жылдан кийин, жаңы президент Шавкат Мирзиёев келгенден кийин ага тыюу жоюлуп, 2017-жылы “Мультипликацион фильмдер студиясы” мекемесине директор болуп дайындалган.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ