Menu

Сооронбай Жээнбеков, президент: «Сот реформасын жүзөгө ашырууга аябай катуу талаптар коюлат, эч кимди аябайм!»

Бөлүшүү:

Бүгүн, 2-ноябрда президент Сооронбай Жээнбеков ММКнын жетекчилери жана чет элдик ММК корреспонденттери менен жолугушуп, коомдук-саясий, социалдык-экономикалык маселелер боюнча пикир алышты. Президент алгач ММК жетекчилерин алдыда боло турган Маалымат жана басма сөз күнү менен куттуктады. Жолугушуу «суроо-жооп» форматында өттү. Президент журналисттердин бардык суроосуна ачык-айкын жооп берди.

Журналисттер тарабынан сот реформасы боюнча да суроо берилди. Ага президент:

Сот реформасы боюнча иштеп жаткан жумушчу топко эксперттерди, тажрыйбасы көп адистерди тартып жатабыз. Эгер кайсы бер жеринде дал келбестиктер болуп калса, тез арада оңдойбуз. Реформаны жүзөгө ашырууга аябай катуу талаптар коюлат, эч кимди аябайм! Бул процессти жеке өзүм көзөмөлгө алгам. Сот системасында ачык-айкындуулукту орнотобуз. Антпесек Кыргызстан эффективдүү өнүгүү жолуна түшө албайт“, — деди Жээнбеков.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 2 + 4 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: