Menu

Рыскелди Момбеков «Ата Мекен» партиясынын тизмеси менен кайрадан депутат болуп келеби?

Бөлүшүү:

КСДП фракциясынын депутаты Рыскелди Момбеков “Ата Мекен” фракциясынын мурдагы жана азыркы лидерлери Өмүрбек Текебаев, Алмамбет Шыкмаматовду жана ӨКМнын мурдагы министри Дүйшөнкул Чотоновду үйүнө конокко чакырып, эзилише сүйлөшкөнүн өзү социалдык тармакка жазып, чогуу сүрөтүн жайгаштырды. Ошондон бери кызуу талкууда…

«Өмүрбек Чиркешовичти, Дүйшөнкул Чотоновду жана Алмамбет досумду чакырып чай бердим. Эски достор менен эзилишип сыр чечиштик, моокумубуз канбай калгандыктан кайра жолукмай болдук»,-деп жазган Р.Момбеков.

“Чайга жөн чакырган жок. Демек, “Ата Мекен” партиясы менен кайрадан депутат болуп парламентке келейин деген ою бар”,-деп бири жазса, экинчиси: “Эски достор дегени кызык экен. Атамбаев бийликте турганда, Текебаев камалып жатканда бир ооз сөз айткан эмес. Эми эзилишип калганы таңгалдырат”,-деп жазышты. Кандай болгон күндө да, өзүн сөз кылууга коомчулукка “жем” таштап койду. Кызыктар али алдыда…

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 76 + = 78

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: