Menu

Машинанын багажынан сөөгү табылган адамдын өлүмүнө шектелип дагы бирөө кармалды

Бөлүшүү:

“Манас” аэропортунун жериндеги машина токтотуучу жайдагы машинанын багажынан Хусан Каримов аттуу таксисттин жансыз денеси табылган. Анын өлүмүнө шектелип дагы бирөө Ысык-Көлдөгү Каракол шаарынан кармалып, Бишкекке алынып келинди. Бул тууралуу күч түзүмдөрүндөгүлөрдүн жеке булактары журналисттерге билдирди.

Эске сала кетсек, 22-октябрда 39 жаштагы Хусан Каримов аттуу таксист “Honda Accord” үлгүсүндөгү машинасы менен үйүнөн чыгып кетип, кайра кайтып барган эмес. Өлтүрүлгөн күнү анын жанында ири суммадагы акча болгон. 23-октябрда Комсомол айылынын тургуну милицияга кайрылып, бир тууганы жоголуп кеткенин билдирген. Милиция кызматкерлери дайынсыз жоголгон таксистти издөөгө алып, “Манас” аэропортунун жериндеги машина токтотуучу жайдагы машинанын багажынан жансыз денесин табышкан. Анын өлүмүнө шектелип буга чейин, 31-октябрда бирөө кармалган.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 77 = 84

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: