Menu

Айбек, Гүланда Карымовалар: “Бири-бирибизге аяр мамиле жасап калдык”

Бөлүшүү:

Ырчы мырза Айбек Карымов менен ырчы айым Гүланданын чогуу түтүн булаткандыктарына 10 жылдын жүзү болуп калыптыр. Юбилейлик датаны утурлай чыгармачыл түгөйлөр менен жакындан маектешип, үй-бүлөдөгү жана чыгармачылыктагы жаңылыктарынан сурадык.

—Гүланда, Айбек мырза (ред. Карымов) менен бирге түтүн булатып жатканыңыздарга канча убакыт болду, таанышууңуздар кандайча болгон?

—Гүланда Карымова: Айбек экөөбүздун түтүн булатканыбызга быйыл буюрса 10 жыл болду. Мындан туура 10 жыл мурун 2009-жылы баш кошконбуз. Экөөбүздүн алгачкы таанышуубуз ыр дүйнөсүнөн эле башталган. Мен студент болуп билим алып жүргөн кезде окуу менен катар кечкисин кафе-ресторандарда ырдачумун. Белгилүү тамада Эшенкул агай менен бирге иштешчүбүз. Чогуу иштешип жүрүп Айбек менин ырдаганымды жактырып, кийин телефон номеримди алган. Бир аз убакыт өткөн соң чогуу ырдоо сунушу менен кайрылган. Биздиң таанышуу ушундайча болгон. Буюрса 10 жылдык юбилейибизди белгилөөнүн алдында турабыз.

—Баш кошконуңуздардан бери бири-бириңиздерде кандай өзгөрүүлөрдү байкадыңыздар?

Айбек Карымов: — Андан бери көп убакыт өттү. Экөөбүз эки баланын атасы-энеси болдук. 10 жылдын ичинде көп эле нерселер болду. Ал эми өзгөрүүлөр тууралуу айтсам, 10 жыл деп узак туюлганы менен мен үчүн аз эле убакыт болгондой сезилет. Жумуш менен болуп экөөбүз кенен-чонон деле отуруп сүйлөшкөнгө убактыбыз жок. Эртең менен эрте чыгып кечинде кеч келебиз. Убакыттын өтүшү менен бири-бирибизге керектигибизди сездик. Ал мага балдарымдын атасы деп, мен ага балдарымдын апасы деп бири-бирибизге аяр мамиле жасап калдык.

—Үй-бүлөнүн бекем болушунда кимдин орду канчалык деп ойлойсуздар?

—Гүланда: Үй-бүлөнүн бекем болуусунда эки тараптын тең орду чоң. Бирок, ошол эле учурда аял сабырдуу болушу керек деп ойлойм. Үйдүн куту, берекеси аял болгондуктан, ар кандай кырдаалга кылдаттык менен мамиле жасоо керек. Ата болсо сырттын адамы, иштейт, акча табат. Үйдөгү береке, ынтымак көп учурда аялдан көз каранды болот.

—Айбек: Эки жактын тең орду чоң. Үйдө ынтымак болсо береке, кут келет.

—Сиздин пикириңизде бактылуулуктун формуласы кандай?

—Айбек: Заманыбыз тынч, эли-жерибизде токчулук, үй-бүлөбүз бекем ынтымакта болсо, балдарыбыз, жакындарыбыз ден соолукта болсо, мен үчүн ошол бактылуулук. Жашап жаткан ар бир күнүбүз бактылуу көз ирмемдерден турат.

—Сиздерде дагы казан-аяк кагышкан учурлар болобу? Андайда ким биринчи кадамды жасайт?

—Гүланда: Албетте, болбой койбойт. Казан-аяк ар бир үйдө кагышса керек. Бирок башта айтып өткөндөй акыркы кездерде экөөбүздүн тең убактыбыз өтө тар. Таарынышып кеткен учурда сен биринчи кадам жаса деп күтуп отурбай6ыз. Кээде таарынышканыбызды унутуп калып, балдардын же тиричиликтин агымы менен сүйлөшүп кете беребиз. Бирок Айбек ак көңүл.

—Айбек: Гүланда айткандай, таарынычка деле убакыт жок, чынын айтканда. Көңүл калтырууга кудай жеткирбесин. Андай учурларды биринчиден болтурбоого аракет кылабыз. Анан аял киши кантсе да назик, кылыктуу. Ошондуктан мырза ар дайым мырзалыгын кылып кечиримдүү, ак көңүл болушу керек.

—Бири-бириңиздердеги баалаган сапаттар?

—Гүланда: Айбектин жөнөкөйлүгүн баалайм. Кандай жумуш болсо жасап кете берет. Үй-бүлөнү ар тараптан кем кылбай багат. Бизге болгон мээрими, камкорлугу жагынан сөз жок.

—Айбек: Гүланданын тырышчаактыгын баалайм. Алдыдагы койгон максаттарына тыңдыгы, тырышчаактыгы менен дайыма жетип келет.

—Балдарыңыздардын кимиси кимге окшош, чыгармачылыкка кызыгышабы?

—Балдарыбыздын экөөнү тең атасына окшоштурушат. Балам чыгармачылыкка кызыкпайт. Ал эми кызымдын шыгы бар, ырдаганга кызыгат, жакшы ырдайт.

—Чыгармачылыкта эмне жанылыгыңыздар бар?

—Гүланда: Чыгармачылыкта өз арбайымды өзүм согуп келе жатам. Жаңы клип, жаңы ырлардын үстүндө иштөөдөмүн. Мурун балдарым кичине болгондуктан көп убактым болчу эмес. Эми балдар аз да болсо чоңойду. Болгон дитимди чыгармачылыгыма бурууга мезгил келди деп ойлойм. Буюрса эмки жылы өзүмдүн жеке концертимди бергени жатам.

—Айбек: Чыгармачылык боюнча айтсам, сахна менен кош айтышканыма 1 жылдын жүзү болду. Учурда башка жумуштар менен алекмин. Бирок ырдабай калсам дагы башка ырчыларга ырларды чыгарып берип коюп жүрөм.

Булак: “Де-Факто”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 4 + 4 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: