Menu

Кой-Таш окуясы: Мамкомиссиянын жыйынытыгын кайсыл мүчөсү колдобой койду?

Бөлүшүү:

7-8-августта Кой-Ташта болгон окуяны изилдөө боюнча мамлекеттик комиссия өз ишин соңуна чыгарды. Комиссия жыйынтыгына мүчөсү Клара Сооронкулова каршы добуш берди.

Анын айтымында, комиссиянын пикири бүдөмүк болуп, жыйынтыгыгында конкреттүүлүк болбой, экс-президент А.Атамбаевди кармоо боюнча атайын операциянын ишке ашпай калганы үчүн УКМК менен ИИМ жетекчилигинин жоопкерчилиги жазылган эмес. Бул эки күч түзүм башчыларынын кызматтан кетирүү боюнча Жогорку Кеңешке так сунуш айтылбаган. “Ошондуктан мен каршы добуш бердим. Жыйынтыкта окуянын хронологиясы гана келтирилип, бирок эч кандай укуктук баа берилген эмес”, – дейт Клара Сооронкулова.

Эскерте кетсек, А.Атамбаев кармалгандан кийин премьер-министр 2019-жылдын 7-8-августунда Чүй облусунун Аламүдүн районунун Кой-Таш айылында болгон окуяны изилдөө боюнча атайын комиссия түзгөн. Анын курамына вице-премьер-министр Жеңиш Разаков, парламент депуттары, өкмөттүн өкүлдөрү, коомдук ишмерлер жана эксперттер кирген.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 74 + = 81

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: