Menu

Фото – Дүйнөдөгү учурдун эң бийик 6 имараты

Бөлүшүү:

“Бурдж-Халифа”

Картинки по запросу бурдж-халифа

Бийиктиги: 828 м

Кабаттардын саны: 163

Жайгашкан жери: Дубай, Бириккен Араб Эмираты

Курулуш аяктаган жыды: 2010-жыл

Дүйнө жүзү боюнча эң бийик асман тиреген имарат «Бурдж-Халифа» болуп саналат. Имараттын формасы сталагмитти, башкача айтканда конус түрүндө шыптан салаңдап туруучу катып калган минералдардын түзүлүшүнө окшош. Бурдж-Халифанын официалдуу ачылыш аземи 2010-жылдын 4-январында болгон. Негизинде 2009-жылдын 9-сентябрында ачылмак. Бирок курулуш компаниясы финансыны кыскарткандыктан, курулуш иштери кечирээк аяктап калган. Имараттын так узундугу 828 метрди түзүп, 163 кабаттан турат. Ал эми мунаранын башындагы шиштин узундугу болсо дүйнөдөгү эң узун шиш болуп саналат жана узундугу 180 метрди түзөт.

2. “Шанхай мунарасы”

Картинки по запросу шанхай мунарасы

• Бийиктиги: 632 м

• Кабаттарынын саны: 128

• Жайгашкан жери: Шанхай, Кытай

• Курулуш аяктаган жыл: 2015-жыл

«Шанхай мунарасы» Кытайдын Пудун районуна караштуу Шанхай шаарында жайгашкан эң бийик имарат болуп саналат. Бийиктиги 632 метрди түзөт. Ал эми жалпы аянты 380 миң м. кв. Мунаранын жанында «Цзинь Мао» мунарасы жана бүткүл дүйнөлүк финансы борборунун имараты жайгашкан. 2013-жылы башталган курулуш иштери 2015-жылга чейин созулган.

3. “Абрадж аль-Бейт”

Картинки по запросу Абрадж аль-Бейт

• Бийиктиги: 601 м

• Кабаттарынын саны: 120

• Жайгашкан жери: Мекке, Сауд Арабиясы

• Курулуш аяктаган жыл: 2012-жыл

«Абрадж аль-Бейт» – бул Меккеде тургузулган бийик имараттар комплекси. Аталган имарат дүйнө жүзү боюнча массасы жагынан алдыңкы орунда турат. Ал эми Сауд Арабия боюнча эсептегенде «Буржд-Халифа» жана мусулмандардын «Петронас» имараттарынан кийинки 3-орунда турат.

4. “Пинань” Эл аралык финансылык борбору

Картинки по запросу Международный финансовый центр Пинань

• Бийиктиги: 599 м

• Кабаттарынын саны: 115

• Жайгашкан жери: Шэньчжэнь, Кытай

• Курулуш аяктаган жылы: 2017-жыл

Пинань эл аралык финансылык борбору 599 метр бийиктиктеги бир нече имараттардын комплекси болуп саналат. 115 кабаттан туруп Шэньчжэнь шаарында жайгашкан. Имараттын курулуш иштери 2017-жылы аяктап, дүйнө жүзүндөгү бийик имараттардын арасынан 4-орунду ээлеп, бийиктиги боюнча Кытайда 2-орунду ээлеген. Бул комплекске тийиштүү бийиктиги 307 метр болгон 66 кабаттуу мунара дагы бар.

5. Goldin Finance 117

Картинки по запросу goldin Finance 117

• Бийиктиги: 596,5 м

• Кабаттарынын саны: 128

• Жайгашкан жери: Тяньц-зинь, Кытай

• Курулуш иштеринин аягы 2020-жылга пландалган

Goldin Finance 117 башкача аты Сһіnа 117 Тоwer учурда курулуп жатат. Бул имарат Кытайдын Тяньцзинь шаарында жайгашкан. Курулуш аяктаганда мунаранын бийиктиги 597 мeтрди түзмөкчү. 2008-жылы курулуш баштаган мунара 2020-жылы аягына чыгат.

6. Lotte World Tower

Картинки по запросу Lotte World Tower

• Бийиктиги: 554,4 м

• Кабаттарыныи саны: 123

• Жайгашкан жери: Сеул, Түштүк Корея

• Курулуштун аяктаган жылы: 2017-жыл

Lotte World Tower — 123 кабаттуу эң бийик имарат Түштүк Кореянын Сеул шаарындагы  Lotte World көңүл ачуучу комплексте жайгашкан. Кыш коюу иш чарасы 2005-жылы болгондугуна карабай курулуш иштери бир нече жылдарга токтоп калган. Себеби имараттын бийик болушуна бул жердеги аэропорттун жайгашкандыгы тоскоол болгон. Бирок 2009-жылы чектөөлөр алынып, 2010-жылы курулуш кайра жанданган. Долбоор боюнча имараттын бийиктиги 555 метрди түзөт. Мындай бийиктиги менен ал дүйнөдөгү эң бийик имараттардыи катарынан орун ала алды.

Булак: “Де-Факто”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: