4-ноябрда Бишкектин Свердлов райондук сотунда Бишкек ЖЭБин модернизациялоо боюнча кылмыш ишине тартылган С.Исаков, Ж.Сатыбалдиев, О.Лаврова, О.Артыкбаев, А.Калиев, С.Авазова, Ж.Назаров, Т.Бримкулов үстүнөн сот иши уланды.
Сот Жантөрө Сатыбалдиевди сурай баштады. Ал 2012-жылдын 6-сентябрынан тарта өкмөттү башкарып, эч бир партияда болбогонун белгиледи. Ошондой эле өз сөзүндө ЖЭБдин тарыхына токтолуп, ал 1961-жылы курулганын, оңдоп-түздөөгө муктаж болуп келгенин, аны реконструкциялоону 2007-жылы 26-сентябрда “Электр станциялары” компаниясы тарабынан көтөрүлгөнүн айтып берди.
Ошондо прокурор сөзүн бөлүп: “Бул жарыш сөз эмес, сурак болуп жатат, суроо-жооп гана болушу керек” деди эле, Ж.Сатыбалдиев: “11 айдан бери териштирип жатабыз, чыдай туруңуз эми”, – деп, соттон айтып алайын деп суранды. Андан ары ЖЭБдин модернизациясына инвестиция тартуу керектиги боюнча узак кебин баштады.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ