Бул тууралуу 4-ноябрда Чүй облусунун ИИБиси билдирди. Азыр такталып жаткандай, 1-ноябрда Чүй районунун ИИБсине Кемин районунун 28 жаштагы тургуну арыз жазып, 1-ноябрь түнү Гавайи” кафесинин машине токтотуучу жайынан эки белгисиз адам аны сабап койгону боюнча кайрылган. Бул факт “Бейбаштык” беренеси боюнча Бирдиктүү кылмыш реестрине киргизилген.
Тергөө амалдарынын жыйынтыгында шектүүлөр Токмок шаарынын ИИБсинин Убактылуу кармоочу жайынын кызматкерлери 45 жаштагы У.А. жана 29 жаштагы С.Э. болуп чыкты. Бардык соттук-медициналык экспертизалар дайындалды.
Азыркы тапта Чүй районунун тергөө кызматы бардык иш-чараларды көрүп, материалдарды прокуратурага, андан ары УКМКга өткөрүп берүү каралууда.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ