Menu

Фото – Мухаммедкалый Абылгазиев: Жүктү кароочу стационардык инспектордук-текшерүүчү комплекс ишти ыкчамдатууга жана анын ачык болуусуна шарт түзөт

Бөлүшүү:

Жүктү кароо үчүн жаңы орнотулган стационардык инспектордук-текшерүүчү комплекс Бажы кызматынын ишин ыкчамдатууга жана анын ачык болуусуна шарт түзөтБул тууралуу Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Нарын облусунда жайгашкан «Торугарт» көзөмөл-өткөрмө жайынын иши менен таанышуу маалында билдирди.

Кыргыз Республикасынын Евразия экономикалык биримдигине кошулуусу боюнча «Жол картаны» жүзөгө ашыруунун алкагында Россия тарап «Торугарт» көзөмөл-өткөрүү пунктуна материалдык-техникалык жабдууга 120 млн АКШ долларын бөлгөн.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Алтынбек Торутаев учурда модернизациялоо иштери аягына чыкканын жана жаңы жабдуулар ишке даяр экенин айтты.

«Орнотулган системаны ноябрь айынын аягында ишке берүү пландалды. Учурда ар бир өлкө рыноктогу орун үчүн күрөшүүдө. Бул кадыресе эле  көрүнүш. Жүк ташуучулар алып келген жүктү текшерүү системасын жакшыртуу маанилүү милдеттердин бири. Биздин өлкөнүн ЕАЭБдин стандарттарына жооп берген заманбап текшерүү системасына өтүүсү,  бул бизнес үчүн  тиешелүү шарттарды түзүп жатканыбызды айтып турат», – деп белгиледи Өкмөт башчы.

Премьер-министр «Торугарт» көзөмөл-өткөрмө жайындагы бажы жана чек ара кызматтарынын иши менен таанышты.

Маалыматтык система 2013-жылдан бери  Кыргыз Республикасынын бардык аймактарында иштеп жатат. 2014-жылдын январь айынан бери товарларды декларациялоо электрондук ыкма менен гана жүргүзүлүүдө. Учурда ЕАЭБке мүчө-өлкөлөрдүн бажы кызматтарынын ортосунда бажы транзитин көзөмөлдөө, мүчө-өлкөлөрдүн аймагынан товарларды чыгарып кетүүнү ырастоо, транспорт каражаттарын убактылуу алып келүү/ташып келүүнү каттоо жана көзөмөлдөө боюнча маалымат алмашуу ишке ашырылууда.

Мухаммедкалый Абылгазиев өткөрмө пунктту көрүп чыгып, бажы кызматынын ишине киргизилген жаңылыктар кыйла жакшы жана ыкчам иштөөгө шарт түзөрүн баса белгиледи.

«Айрым жарандарыбыз бажы кызматынын ишине кандайдыр бир ишенбөөчүлүк менен мамиле кыларын бардыгыбыз билебиз. Алар бажы жыйымдарынын бөлүгү кассадан тышкары кетет деп эсептешет. Биз мындай күмөн саноолорду жоюп, бажы кызматынын ишинин ачыктыгын көрсөтүүгө тийишпиз. Мында бардыгы онлайн режиминде болушу керек. Канча жүк кетип жатат, канча өлчөмдө, бажы көзөмөлүн кантип өткөнүн көрүп турганга ар кимдин мүмкүнчүлүгү болушу керек. Жаңы тутум ишкерлердин убактысын үнөмдөйт. Алар тез келип, товарларын каттатып жана бардык ченемдерге ылайык келсе, өткөрмө жайынан бюрократиялык тутумдарсыз жүрүп кете алышат», – деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Бүгүнкү күнү учурдагы 14 көзөмөл-өткөрмө жайынын ичинен 12си модернизацияланган. Алардын алтоо стационардык инспектордук-көрүү комплекси менен жабдылган. 5-ноябрда «Эркештам» өткөрмө жайынын ачылышы болот.

Маалымдама: Кыргыз Республикасынын жана Кытай Эл Республикасынын ортосунда 1996-жылдын 6-сентябрында кол коюлган Макулдашуунун алкагында «Торугарт» КӨЖ ишинин укуктук негизи түзүлгөн.

Бул Макулдашууга жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 19-ноябрындагы № 556 токтомуна ылайык, «Торугарт» өткөрмө пункту эл аралык макамга ээ, ал күнү-түнү иштейт.

Мында мамлекеттик көзөмөлдүн чек ара, бажы, транспорттук, медициналык, санитардык-карантиндик, ветеринардык жана фитосанитардык түрлөрү жүргүзүлөт.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 35 = 39

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: