Бишкектин четиндеги БешКүңгөй айылындагы Кара-Коо көчөсүндө жашаган үй бүлөнүн үйү толугу менен күйүп кетип, анда жашагандар жардам сурашууда. Бул тууралуу тамдын ээси Айдай бүгүн, 4-ноябрда журналисттерге билдирди.
Анын айтымында, өрт кырсыгы 20-октябрда болгон. Толугу менен күйүп кеткен үйдө ал ата-энеси менен жашачу. Сиңдисинин тоюна даярданып жатышканда үйү күйүп кеткен. Жалбырттаган от 15 мүнөттө эле үйдү жалмап кеткен. Экспертиза өрт электрден чыкканын айткан
Жабырлануучу үй-бүлөсү менен азыр туугандарыныкында жашап жатат. Ким кандай жардам бере алат деген ниет менен коомчулукка кайрылууда.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ