Бул тууралуу ИИОБнын басма сөз кызматы 4-ноябрда билдирди. 1-ноябрда Балыкчы – Каракол автожолунун 79 километриндеги Комсомол жана Бостери айылдарынын ортосунда кечки саат жетилер чамасында автокырсык болгон. Жолго жылкы чуркап чыгып, аны келип “Хюндай Соляри” автоунаасы келип сүзгөн. Натыйжада жүргүнчү – айыл-чарба министринин мурдагы орун басары Баялин Байтемир ооруканага жеткирилип, көп өтпөй, алган жарааттарынан улам каза болуп калган.
Соңку кездери Б.Батемиров Көлдөгү Сары-Камыш айылындагы “Шумкар” куш фабрикасынын директору болуп эмгектенип жаткан. Өзү 1958-жылы Токмок шаарында туулган. Артында жубайы, 2 кызы калды
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ