Бул тууралуу Экономика министринин орунбасары Элдар Алишеров 1-ноябрда Би-би-сиге берген маегинде айтып берди.
“Кыргызстан ЕАЭБдин зонасына киргендиктен, 2020-жылдын 1-январынан баштап 166 товардын түрүнө бажы төлөмдөрү киргизилет. Ошентип, өнөр жайыбызды көтөрүүгө берилген 5 жылдык жеңилдиктер жоюлат.
Ошондо төмөнкү товарлар кымбаттамакчы: көчөттөр, дары-дармек продукциялары, органикалык химия (жер семирткичтер), эфир майлары, желимден, каучуктан, алюминийден, никелден жасалган буюмдар, породалуу малдын уруктары, автоунаалар, күнөсканалар ж.б. Эми товарлар эки эсе деле кымбаттап кетпейт, мисалы, дары-дармек 3%га кымбаттайт”, – дейт министрдин орун басары.
Ошондой эле автоунааларды киргизүүгө болгон жеңилдиктер алынат. Жеке тарап эң өтүмдүү «Тойота-Камрини» алып кирсе, ал азыр болжол менен 10 миң доллар болуп жатса, үстүнө 8 миң доллар кошулат, ошондо 18 миң доллар болуп калат.
Бирок, юридикалык тараптар үчүн бажы төлөмдөрү 17%ды, НДС – 12%ды түзөт. Ошондо 29%га кымбаттайт. 10 миң долларга алып келинген автоунаа үчүн фирма 2 900 доллар төлөп калат.
Алишеров айтып бергендей, 2014-жылы Кыргызстан ЕАЭБге киргени өлкөгө 106 миң автоунаа алып киришкен. Ошентип Казакстан менен Орусияга кымбат сатабыз деп ойлошкон. Бирок рынок толуп калгандыктан, алып-сатарлардын үмүтүн актабады. Кийинки жылы болгону 69 машине кирген.
“Быйыл 17 миңдей машине кирди. Рынокто машине көп, талаптан сунуш көптүк кылат”, – деп белгиледи Алишеров. Ошондой эле декабрда вице-премьерлер деңгээлинде жолугушуу болуп, анда Кыргызстан жеңилдиктерди 2-3 жылга узартууну сунуш кылмакчы. Бирок министр орун басарынын айтымында, Орусия тарап буга макул болбойт, анткени алар өздөрүнүн автоөндүрүшүн колдогусу келет, – дейт.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ