Menu

Түркмөнстанда кумсалар менен лесбияндарды аныктоо аракети башталды

Бөлүшүү:

Түркмөнстанда Саламаттык сактоо министрлиги медицина кызматкерлеринин арасындагы сексуалдык ориентациясы бөлөк адамдарды аныктоо аракетин баштады.

Бул тууралуу «Түркмөнстан хроникасы» басылмасы билдирди.

Басылманын маалыматына караганда, өлкөнүн бардык облустук саламаттык сактоо башкармалыктарында жыйындар өтүп, «бузуку кылыгы менен бул кесиптин абийирин кетирген дарыгер» жөнүндө сөз болду.

28-октябрда Түркмөнабад шаардык саламаттык сактоо башкармалыгында өткөн мындай жыйынга облустагы медициналык мекемелердин башчылары, тартип сакчылары катышты.

Маалыматка караганда, аларга дарыгерлердин арасындагы кумсалар менен лесбияндарды аныктоо буйругу келген. Жыйынтыгында эки жуманын ичинде облустагы бардык медициналык кызматкерлерди текшерүүдөн өткөрүү чечими кабыл алынды.

Жыйынга катышкан полиция кызматкеринин айтымында, кимдир бирөө сексуалдык ориентациясы башка адамдарды билсе, бул тууралуу укук коргоо органдарына арыз жазышы керек. Кылмыш жөнүндө билип туруп маалымат бербеген адамдар жоопкерчиликке тартылат. Түркмөнстанда кумсалык үчүн жаза каралган.

24-октябрда жаш дарыгер Касымберди Гараев кумса экенин жарыялангандан кийин полицияга чакырылып, ошол бойдон дайыны билинбей жатат.

Ал ортодо анын Ашхабадда жашаган үй-бүлөсү башка жерге көчүп кеткени белгилүү болду.

1-ноябрда Хьюман Райтс Уотч (Human Rights Watch) эл аралык укук коргоо уюму Түркмөнстандан Касымберди Гараев тууралуу маалымат берүүнү, эгер ал камакта болсо тез арада бошотуп, эмне себептен камакка алынгандыгын түшүндүрүүнү талап кылган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 3 + 6 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: