Menu

Мамлекеттик ипотекалык компаниянын кызматкерлери жетекчилигине нааразы

Бөлүшүү:

Ипотекалык компаниянын кызматкерлери директорлор кеңешинин курамы өзгөргөнүнө нааразы болуп чыгышты. Бул тууралуу 4-ноябрда өлкө президентине болгон кайрылуусунда айтылат.

Алар өздөрүнүн катында МИКте ревизиялык комиссия иштеп, жогорку кызматтагылардын мыйзам бузганы аныкталганын келтиришет.

“2019-жылы 21-октябрда директорлор кеңешинин төрагасы Жаныбек Аманалиевди кызматтан алышты. Анын ордуна Асейин Аракеев келди. Ал киши эки жыл аралыгында Азамат Абдыбеков жана Жаныбек Аманалиев сыяктуу эле бир дагы инвестициялык долбоорлорго катышкан эмес экен. Ал эми башкармалыктын төрагасы Элмира Абдыжапарова өкмөт башчынын протоколун шылтоолоп, өзүнө жакпаган кишилер иштеген төрт бөлүмдү кыскарткысы бар. Бул айым атайын эле курулуштан баш тартып, компаниянын жок болушуна алып бара жатат. Ал эми ЖК депутаттары үч жыл бою МИКте жеке турак жай фондун түзүү менен сакталып калат деп келишкен”, – деп жазылат катта.

Алар “Жеткиликтүү турак жай – 2015-2020” мамлекеттик программасы аткарылбай калчудай абалда экенин айтышууда. “Ал эми курулуштан баш тартуу – КР президентинин сунушу деп актанып жатат”, – дешет.

“Урматтуу Сооронбай Шарипович, ушуга көңүл буруп, МИКтеги башаламандыкты токтотуп калыңыз”, – деп Мамлекеттик ипотекалык компаниянын кызматкерлери өлкө башчысынан көптөн-көп суранышкан.

Ага 11 кызматкер кол койгон.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 88 − = 84

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: