Menu

Бишкекте 3 жашар наристени автоунаа тебелеп кетип каза болду

Бөлүшүү:

Бишкек шаарынын көп кабаттуу үйлөрүнүн биринин алдынан автоунаа 3 жаштагы наристени тебелеп кетти. Бул тууралуу ШИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, окуя кечээ, 3-ноябрь күнү саат 15:30 чамасында болгон. Көп кабаттуу үйлөрдүн короосунун жанынан «Тойота» үлгүсүндөгү автоунаанын  айдоочусу унааны артка айдап, жаш баланы байкабай тепселеп кеткен. Наристе алган жаракатынан улам Улуттук госпиталдын жандандыруу бөлүмүндө жеткирилип, ошол жактан каза болгон.

Бул факты боюнча тергөө иштери башталганы маалымдалат. Ал эми наркологиялык экспертиза айдоочуну текшерип,  мас абалында болгонун аныктаган.

Аталган факт Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тиешелүү документтер тергөө кызматына өткөрүлүп берилди.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 11 − = 9

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: