Казак жазуучусу Дулат Исабеков атактуу ырчы Димаш Кудайбергенге орус тилиндеги ырларлдан баш тартууну сунуш кылды. Бул тууралуу Казакстандын ММКлары жазып чыгышты.
“Ырды кунт коюп тандаш керек, анан орус ырларын даңазалагандан көрө, эне тилде ырдасын, – деди Исабеков. – Мен Димашка жолугуп, сүйлөшкүм келет. Мен анын үнүнө туура келген казак ырлардан турган репертуар түзүп берүүгө даярмын. Ал казак ырларын дүйнөгө дүңгүрөтүшү керек. Албетте, Крутойдун ырларын ырдаганы жакшы дечи, ошону менен дүйнөгө дүң болду, бирок эми казак ырларына өткөнү оң…”
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ