КР БШКнын бүгүн, 4-ноябрындагы токтому менен Чүй облусунун Москва районунун Ак-Суу, Сокулук районунун Фрунзе, Талас облусунун Кара-Буура районунун Бакайыр, Ош облусунун Кара-Суу районунун Төлөйкөн жана Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун Көк-Таш айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо 22-ноябрда (саат 9-00дөн 12-00ге чейин) дайындалды. Бул тууралуу КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү билдирди.
Чүй облусунун Москва райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы–акиминин 2019-жылдын 22-октябрындагы №248-р буйругу менен Ак-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Нурбеков Асылбек Нурбекович “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесинин 7-бөлүгүнүн 1-пунктунун негизинде, б.а. өзү берген арызынын негизинде ээлеген кызматынан бошотулган.
Чүй облусунун Сокулук райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы–акиминин 2019-жылдын 24-октябрындагы №354-б буйругу менен Фрунзе айыл өкмөтүнүн башчысы Омаралиев Руслан Намазалиевич “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесинин 7-бөлүгүнүн 1-пунктунун негизинде, б.а. өзү берген арызынын негизинде ээлеген кызматынан бошотулган.
Талас облусунун Кара-Буура райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы–акиминин 2019-жылдын 29-октябрындагы №60 буйругу менен Бакайыр айыл өкмөтүнүн башчысы Чыналиев Рапил Анарбекович “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесинин 7-бөлүгүнүн 1-пунктунун негизинде, б.а. өзү берген арызынын негизинде ээлеген кызматынан бошотулган.
Ош облусунун Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы–акиминин 2019-жылдын 30-октябрындагы №215-б буйругу менен Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн башчысы Абдукаримов Алмаз Абдылазович “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесинин 7-бөлүгүнүн 1-пунктунун негизинде, б.а. өзү берген арызынын негизинде ээлеген кызматынан бошотулган.
Жалал-Абад облусунун Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы–акиминин 2019-жылдын 31-октябрындагы №238-б буйругу менен Көк-Таш айыл өкмөтүнүн башчысы Эргешов Рысбек Муратович “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесинин 7-бөлүгүнүн 1-пунктунун негизинде, б.а. өзү берген арызынын негизинде ээлеген кызматынан бошотулган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ