Бул жумада Жогорку Кеңештин сессиясы болбойт. Бул тууралуу парламенттин сайтында маалымдалды.
Алардын маалыматына караганда, ал боюнча токтом кабыл алынган. ЖКнын регламентине ылайык, депутаттар 4-5-6-ноябрда өлкө аймагындагы шайлоочулар менен жеринде иш алып барышат. 7-8-ноябрь — Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү болуп, бейшемби, жума күндөргө туура келет. Ишемби жана жекшемби дем алыш. Ушунун баарын эске алып эсептегенде, депутаттар бир жума жок болот.
Эске сала кетсек, Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндү белгилөө 2017-жылы андагы президент Алмазбек Атамбаевдин Жарлыгы менен кабыл алынган.
Булак: KyrgyzToday.kg.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ