Борбордук шайлоо комиссиясынын токтому менен беш айыл өкмөтүнүн башчыларын шайлоо 22-ноябрда болот. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматы билдирди.
Алардын билдирүүсүнө караганда, Чүй облусундагы Москва районуна караштуу Ак-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Асылбек Нурбеков, Сокулук районундагы Фрунзе айыл өкмөтүнүн башчысы Руслан Омаралиев, Кара-Буура районундагы Бакайыр айыл өкмөтүнүн башчысы Рапил Чыналиев, Кара-Суу районундагы Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн башчысы Алмаз Абдукаримов, Ала-Бука районундагы Көк-Таш айыл өкмөтүнүн башчысы Рысбек Эргешов өздөрү жазган арызынын негизинде ээлеген кызматтарынан бошотулган. Ошого байланыштуу 22-ноябрда шайлоо өткөрүлүп, жаңы жетекчилер келет.
Булак: KyrgyzToday.kg.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ