Бүгүн, 5-ноябрда Бишкектин айрым жерлеринде электр жарыгы өчүрүлөт. Бул тууралуу «Түндүк электр» ишканасынын басма сөз кызматы билдирди.
Алардын айтымында, оңдоо иштерине байланыштуу Бишкектин айрым жерлеринде кечки саат 18:00го чейин электр жарыгы болбойт. Алсак, «Көлмө» (Мидин, Курулуш, Жаштык), 6-линия, 7-линия, Айни, Табалдиев, Сухомлинов, Новая, Медеров, Саадаев, Манас, Можайск, Кайназарова, Ильменская, Волкова, Троицкая, Москва, Орозбеков, Раззаков, Логвиненко, Исанов, Бөкөнбаев, Чуйков, Орозбаков, Чайков, Ганди, Абдыкадыров, Щербаков көчөлөрүнүн бир бөлүгү, Чыңгыз Айтматов, Чүй, 136да саат 9.00-18.00го чейин, «Учкун-2» (Путейская, Жабиновдо) саат 9.30-17.00го чейин, «Учкун» (Коңур-Өлөң, Учкун, Аксы, Чымындыкта) саат 9.30-18.00го чейин, «Асанбайда» (2-4, 8-11, 8/2, 9а) саат 13.00-17.00го чейин электр жарыгы өчүрүлөт.
Булак: KyrgyzToday.kg.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ