Menu

Жамшитбек Калилов: темир жол салууда Орусия менен Өзбекстан жардам берет

Бөлүшүү:

«Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынын темир жолду долбоорлоо жана куруу дирекциясынын башчысы Жамшитбек Калилов «Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу» долбоору боюнча Орусия менен техникалык-экономикалык негиздемесин иштелип чыкканын билдирди:

– Орусия менен техникалык-экономикалык негиздемесин жасадык. Кайсы жерден өтөрү, курулушка удаалаш кайсы кен байлыктарга чалгындоо болушу керек экендиги каралган. Азыр Орусия «каражат маселесин карайбыз» деп жатат. Өзбекстан «курулуш, долбоорлоо тармагына жардам беребиз» деди.

Кыргызстандын аймагы аркылуу өтүп, Кытайды Европа менен байланыштыра турган темир жол курулушу – көп жылдардан бери айтылып, ишке ашпай келаткан ири долбоор.

2002-жылы Бээжин курула турган жолдун техникалык-экономикалык негиздемесин тактап, багытын аныктаган. Анда жол Торугарт аркылуу Арпа жайлоосуна түшүп, Өзгөн районунан Кара-Сууга барып, андан ары Өзбекстанга өтмөк. Узундугу 268 чакырым деп эсептелген. Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев бийликке келгенден кийин Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу долбоорунун ордуна Тажикстан-Кыргызстан-Казакстан-Орусия темир жолун куруу демилгесин көтөргөн. Бирок бул демилгеге эч кайсы тараптан колдоо болгон эмес. Мындан соң кыргыз бийлиги кайра Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушун жактап, жаңы маршрут сунуш кылган.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 97 − 90 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: