Адвокатура кеңешинин этика боюнча комиссиясынын чечимин жокко чыгарган сот чечиминен кийин мамлекеттик жактоочу Элмира Чоноева: “Мен буйрукту солдаттай аткаргам” деп билдирди.
2018-жылдын ноябрында Элмира Чоноеванын жактоочулук лицензиясы эки жылга токтотулган. Бул чечимди Адвокатура кеңешинин этика боюнча комиссиясы кабыл алган. Юрист ал чечимди сотко берген.
Эскерте кетсек, жактоочу Э.Чоноеваны Ө.Текебаев менен Д.Чотоновдун кызыкчылыгын коргоо үчүн иш кайра каралганга чейин сот милдеттендирген. Бирок айыпталуучулар мамлекеттик жактоочунун аларга кереги жоктугун айтышып, өз юристтерине таянышаарын келтиришкен. Текебаев менен Чотонов азыр дагы бир сотто үчүнчү тарап катары катышууда, жоопкер тараптар – Адвокатура кеңеши менен Юстиция министрлиги.
“Териштирүү учурунда билингендей, Элмира Чоноева мамлекеттин эсебинен тейлөө көрсөтүү үчүн юристтердин реестринде жок экен. Ал бизди коргогонго да акысы болгон эмес. Андан тышкары 2006-2018-жылдары Биринчи май райондук сотунун имаратында өз кабинети да болгон. Бизди “коргогону” үчүн айлык акыны ким төлөп турганы да белгисиз. Өзү болсо: “2017-жылы мени сот дайындаган, ошол үчүн келгем” дейт. А ким төлөгөнүн айткысы келбейт”, – дейт Текебаев.
Белгилей кетсек, Элмира Чоноева азыр жер тилкелери боюнча шылуундук кылган Бакыт Турусбековдун кызыкчылыгын жактап жатат. Ал болсо Бишкектин экс-мэри Албек Ибраимовдун иши боюнча өтүүдө.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ