Бүгүн, 5-ноябрда ЖАМКнын кайратуу жана күзөт департаментинин аскери каза болгону тууралуу ЖАМКнын маалымат кызматы билдирди.
Алардын айтымында, ЖАМК кайтаруу жана күзөт департаментинин аскери токко урунуп көз жумган. Кырсык Чүй облусунун Новопокровка айылында жайгашкан №3 түзөтүү колониясында кечээ, 4-ноябрда болгон. Төртүнчү батальондун катардагы жоокери лампочка алмаштырып жаткан учурда токко урунуп, ага медициналык жардам көрсөтүлгөнүнө карабай каза болгон. Бул окуя боюнча тиешелүү соттук-медициналык экспертиза дайындалды.
Булак: KyrgyzToday.kg.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ