Жалал-Абад облусунун тургуну, Кыргызстандын 24 жаштагы жараны “Жалданма” беренеси менен изделип келип, колгго түшүп олтурат. Бул тууралуу 5-ноябрда УКМКнын пресс-борбору билдирди.
Аныкталгандай, колго түшкөн жаран 2015-жылы Сирияга кетип, диверсииялык-террористтик даярдыктан өтүп, Сириянын аскерине каршы эл аралык террористтик уюмдардын катарында согушкан.
Колго түшкөн жаран эмгек мигранты сыяктуу болуп жүргөн жеринен КМШ өлкөлөрүнүн биринен колго түштү. Азыр Жалал-Абад ШИИБсинин убактылуу кармоо жайында олтурат. Тергөө амалдары жүрүүдө.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ