Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын кайтаруу жана кароол департаментинин катардагы жоокери кырсыктан каза болуп олтурат. Бул тууралуу 5-ноябрда аталган кызматтын пресс-борбору билдирди.
Кырсык №3 түрөмдө 4-ноябрда күндүз болгон. 4-батальондун катардагы жоокери Р.Б. кокустан электр тогуна тартылып алган. Медициналык жардам көрсөтүлгөнү менен, жоокер эсине келбей жан берген. Бул факт боюнча соттук-медициналык экспертиза дайындалды.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ