Генерал-министр журналисттерге берген маегинде жубайы, төрт баласы бар экенин айткан. Анын айтмында, жубайы мурда милицияда, кийин бала бакча менен мектепте иштеген экен.
“90-жылдардан кийиин жубайым курбусу менен майда бизнес кылып жүрдү. Азыр үйдө, неберелерине тарбия берип олтурат. Эки кыз, эки уулум бар. Бир күйөө балам ИИМ системасында иштейт. Экинчи күйөө балам – бизнесмен. Бир кызым Чолпон-Атада, бир кызым Бишкекте турат. Балдарымды эч ким деле тааныбайт. Жол эрежесин бузушса, кадимкидей айыбын төлөшөт. МАИчилер тааныбайт аларды. Ушундай тарбиялагам”, – дейт министр.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ