Menu

Турдакун Усубалиевдин 100 жылдыгына карата Бишкекте митинг-реквием болуп өттү.

Бөлүшүү:

Учурда Кыргызстанда Турдакун Усубалиевдин 100 жылдыгына арналган майрамдык иш-чаралар жүрұұдө. Бүгүн, 5-ноябрда, Бишкекте мамлекеттик ишмерлердин аллеясында Кыргыз Эл Баатыры, мамлекеттик ишмер Турдакун Усубалиевдин 100 жылдыгына карата митинг-реквием болуп өттү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Алардын айтымында, аталган иш-чарага Биринчи Май районунун башчысы, шаардык жана райондук кеңештин ардагерлери жана Бишкек шаарынын тургундары катышкан.

Эске сала кетсек, 2-ноябрда, Чолпон-Ата шаарында  “Рух Ордо” комплексине Турдакун Усубалиевдин 100 жылдык мааракесине карата эстелиги тургузулган. Кечээ, 4-ноябрда Нарын шаарында айкели ачылса, Бишкектеги улуттук филармонияда салтанаттуу иш-чара уюштурулган. Анда эмгек сиңирген куруучу Асан Давлетов Турдакун Усубалиевдин ысымын Бишкекке берүүнү сунуштаган.

25 жыл Кыргызстанды башкарган Туурдакун Усубалиев 2015-жылы 7-сентябрда 96 жашында каза болгон.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 3 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: