Баткендеги Лейлек районунда жол кырсыгы болуп, эки адам каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 5-ноябрда Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы билдирди.
Алардын маалыматка караганда, жол кырсыгы кечээ, 4-ноябрда Баткен облусуна караштуу Лейлек районундагы Шор-Кудук аймагында болгон. Анда Андархам айылынын 55 жаштагы тургуну «Дэу Ланос» үлгүсүндөгү машина менен келе жатып «Тойота Авенсис» машинасы менен катуу кагышкан. Кырсыктын кесепетинин «Дэу Ланостун” ичиндеги 58 жаштагы М.М. менен 49 жаштагы Х.М. ошол жерден жан берген. Ал эми «Тойота Авенсистеги» тажикстандык 5 адам жаракат алып, Сүлүктү шаардык ооруканасына жеткирилген. Эки айдоочу дагы жаракат алган.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ