Ош тун экс-мэри Мелис Мырзакматовдун жакын санаалашы, ЖК депутаты Искендер Гаипкулов (“Ата Мекен”) журналисттерге маек берип, президент тарабынан парламентке кандайдыр бир көрсөтмө бергенин укпаганын айткан.
“Азыр фракциялар өздөрү чеим кабыл алып калышты. Эң башкысы, өкмөт башчы өзү министрлердин талапкерлерин сунуштап калды. Атамбаевдин тушунда министрлерден баштап айыл өкмөттөрүнө чейин президент жана КСДП фракциясы дайындап калган. Аны жашырганда не? Депуттар эркин иштей башташты. Президенттин парламентке көрсөтмө бергенин эч ким көргөн да, уккан да жок. Бул жөнүндө бардыгы эле ачык айтып калышты. Өлкө башчысы коррупция менен күрөшүп жатат. Жакындагы басма сөз жыйынында дагы бардык иштер боюнча кабар кылып тургула дебедиби. Азыр өкмөт башчысына да, күч түзүмдөрүнө да эч ким көрсөтмө бербей калган… Азыр эл да стабилдүүлүк керек экенин түшүнүп калды. Мыйзам буздуңбу, депутат болосуңбу, экс-президент болосуңбу, түрмөгө олтуруп каласың. Ошентип мыйзам башкара турган учур келди”, – дейт депутат.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ