Азыркы учурда өлкөдө Кыргызстандын көрүнүктүү мамлекеттик жана саясый ишмери Турдакун Усубалиевдин 100 жылдыгы белгиленип жатканда, президент Сооронбай Жээнбеков анын небереси – Эрмек Усубалиев менен жолукту. Бул тууралуу 5-ноябрда президент аппаратынын маалымат саясаты бөлүмү билдирди.
Жолугушууда Т.Усубалиевдин 100 жылдыгына арналган иш-чаралар боюнча пикирлер айтылып, өлкө башчысы Турдакун Усубалиевдин кыргыз мамлекетине өтөгөн зор кызматына токтолду.
С.Жээнбеков менен Э.Усубалиев 6-ноябрда Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда өтө турган Турдакун Усубалиевдин 100 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарага болгон даярдыктарды жыйынтыкташты.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ