Эртең, 6-ноябрда Чүй, Ысык-Көл облустарынын айрым райондорунда жана Бишкек шаарында кар жаайт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым аймактарына туман түшөт. Ал эми бийик тоолуу райондордо кар көчкү түшүп, жол тайгак болушу ыктымал. Бул тууралуу бүгүн, 5-ноябрда “Кыргызгидромет” борбору билдирди.
Бишкек шаарында абанын температурасы түнкүсүн -1…-3 градус, күндүз +3…+5 градус болот.
Чүй облусунда:
түнкүсүн -1…-6
күндүз +0…+5
Талас облусунда:
түнкүсүн -1…16
күндүз +0…+5
Баткен облусунда:
түнкүсүн 0…+5
күндүз +6…+11
Ош жана Жалал-Абад облустарында:
түнкүсүн 0…+5
күндүз +6…+11
Ысык-Көл облусунда:
түнкүсүн -3…+2
күндүз +1…+6
Нарын облусунда:
түнкүсүн -2…-7
күндүз -1…+4
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ