Өзбекстан мамлекетинин Экология жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча мамлекеттик комитетинин кызматкеринин айтымында, тоодактарга аңчылык кылуу сезону 25-сентябрда башталган, ал жылдын аягына чейин созулат. Ар бир тоодактын баасы 6 миң долларды түзөт.
Эске сала кетсек, Дубайдын мураскер ханзаадасы Хамдан бин Мохаммед аль-Мактумдун Өзбекстандын Навои облусуна өзүнүн ителгилери менен тоодактарга аңчылык кылуу үчүн келгени кабарланган. Ошондой эле 1-ноябрда Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин күйөө балдары — Ойбек Турсунов менен Отабек Умаров Дубайдын мураскер ханзаадасы Хамдан бин Мохаммед аль-Мактумдун урматына кечки тамак уюштурган. Алардын дасторкон үстүндө отурган сүрөтү «Инстаграм» баракчасына жарыяланган. Ушул эле күнү социалдык тармактарда ханзаада аль-Мактумдун бизнес-класстагы учакка жайгаштырылган шумкарларынын видеосу кызуу талкууну жараткан.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ