Menu

Эртең Турдакун Усубалиевдин 100 жылдык мааракеси боюнча иш- чара улуттук филармонияда өтөт

Бөлүшүү:

Эртең мамлекеттик жана саясий ишмер Турдакун Усубалиевдин туулган күнү. Көзү тирұұ болгондо 100 жашка чыкмак экен. Маркумдун 100 жылдык мааракесине байланыштуу иш-чаралар учурда Кыргызстанда болууда. Эртең Бишкектеги Т. Сатылганов атындагы улуттук филармонияда мамлекеттик деңгээлде иш-чара өткөрүлүп, эскерилет.

Эске сала кетсек, 2-ноябрда, Чолпон-Ата шаарында  “Рух Ордо” комплексине Турдакун Усубалиевдин 100 жылдык мааракесине карата эстелиги тургузулган. Кечээ, 4-ноябрда Нарын шаарында айкели ачылса, Бишкектеги улуттук филармонияда салтанаттуу иш-чара уюштурулган. Анда эмгек сиңирген куруучу Асан Давлетов Турдакун Усубалиевдин ысымын Бишкекке берүүнү сунуштаган. Бүгүн да Бишкекте митинг-реквием болуп өттү. Ошондой эле бүгүн президент Сооронбай Жээнбеков небереси Эрмек Усубалиевди кабыл алды.

25 жыл Кыргызстанды башкарган Туурдакун Усубалиев 2015-жылы 7-сентябрда 96 жашында каза болгон. Ал 1919-жылдын 6-ноябрында Нарын облусундагы Кочкордо туулган. Совет доорунда 25 жылга жакын Коммунисттик партиянын Борбордук Комитетинин биринчи катчысы болгон. Кыргыз Республикасынын Баатыры наамын алган, «Ак шумкар», «Манас», «Ленин», «Эмгек кызыл туу» жана башка ордендердин ээси.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 63 = 70

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: