Бүгүн, 6-ноябрда узак оорудан каза болгон журналист Чынара Токонованы акыркы сапарга узатылат. Бул тууралуу журналист Назгүл Калмамбетова билдирди.
Анын айтымында, маркумдун сөөгү Новопавловка айылындагы өзү жашаган үйүнөн саат 10.00дө алынып чыгат.
Дареги: Алтын-Ордо жаңы конушу, Ак-Шоола көчөсү, 1. № 199 маршруттун эң акыркы аялдамасы.
Чынара Токонова 37 жашында 4-ноябрда ооруканадан көз жумган. Ал экинчи жолу инсульт алып, ооруканада дарыланып жаткан. Кесиптешибиз КТРКда эмгектенген. Алгач КТРКнын “Жаш толкун” радиосунда иштеген. Кийин НТС каналында, “Санжыра” радиосунда, Булан институтунда эмгектенген. Өмүрүнүн акырында 5-каналда “5-элемент” автордук программасын даярдап жүргөн эле… Бул тууралуу 5-каналдын жетекчиси Эрнис Кыязов жакшы эскерүү жазып, “Фейсбуктагы” баракчасына жарыялаган.
Булак: KyrgyzToday.kg.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ