Menu

Орусияда начальнигин өлтүргөн кыргызстандык 10 жылга кесилди

Бөлүшүү:

Орусиянын Иркутск облусунун Усть-Илимск шаарында Кыргызстанын жараны, 28 жаштагы Гайратбек Ульмасов өз начальнигин өлтүргөнү үчүн сот өкүм чыгарды. Бул тууралуу 5-ноябрда регион боюнча тергөө башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Тергөөдө билингендей, былтыр 28-октябрга караган түнү шектелүүчү темир түтүк менен кытайлык начальнигин башка бир нече жолу урган. Натыйжада, тигил киши ошол жерден жан берген. Окуя Усть-Илимск шаарчасында “Трейд Экспорт” ЖЧКсынын соода аянтында болгон.

Киши өлтүргөн жаран качып, дегеле Орусиядан чыгып кетип, ага издөө салынган. Көп өтпөй, Ульмасов Новосибирск шаарына учуп келет, дал ошондо полиция кызматкерлеринин колуна түшкөн.

Ошентип сот аны күнөөлүү деп таап, 10 жылга эркинен ажыратты.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

55 + = 60

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: