Menu

2020-жылы өлкө боюнча эл каттоо жүрөт

Бөлүшүү:

Кыргызстан элин катооого алууга 24 миң катоочулар катышат. Бул тууралуу 5-ноябрда Улуттук статистикалык комитетинде билдиришти.

Негизинен эл каттоо учурунда кызматкерлердин колунда Android 5+ чөнтөк телефону болууга тийиш. Аны менен алар жарандарга берчү суроолорду атайын тиркемеден көчүрүп алышат.

“Тиркемени жөн эле көчүрүп, маалымат киргизип коюуга болбойт. Каттоочулар атайын окуудан өтүшөт. Андан кийин аларга логин жана жашыруун сөзү берилет. Ошошндой эле ар бир каттоочунун төшүндө штрих-коду бар бейджик болот. Аны менен Статкомдун сайты аркылуу келген кишинин каттоочу экенин тактап, маалымат алса болот”, – дешти комитетен..

Каттоочулар 22 эмгек күнүн иштеп, 7,5 миң сом айлык алышат. Салык, соцтөлөмдөрдөн кийин колдоруна 6,3-6,4 миң сом тиет.

Каттоо учурунда стандарттуу сурамжылоодон тышкары эки кошумча срамжылоо болот: бири дареги, бири турак жай фонду боюнча. Калкты каттоого суроолор 17 блоктон турат, атүгүл туруктуу өнүгүүнүн максаты жөнүндө суроо берилет.

Эл каттоо Кыргызстанда 2020-жылдын 23-мартынан 1-апрелине чейин жүрөт, кээ бир алыскы райондордо 20-марттан 20-апрелге чейин созулат.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 9 + = 19

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: