Menu

Өзүңдүн паспортуң жөнүндө маалыматты өзүң сатып алганы калдың

Бөлүшүү:

Юстиция министрлиги кыргызстандыктардын паспорту жөнүндө маалыматты сатууну сунуш кылып, кайрадан мамлекет элдин чөнтөгүнө кол салганы турат.

Юстиция министрлиги “КР жарандарынын улуттук паспортторунун мамлекеттик реестринен маалымат берүү тартиби жөнүндө” өкмөт токтомунун долбоорун коомдук талкууга алып чыкты.

Долбоор банктар, банктык эмес финансылык-кредиттик уюмдар, нотариалдык конторалар, жеке нотариустар жана мобилдик байланыш операторлору үчүн ыңгайлуу шарт түзүү максатында атайын долбоор иштеп чыгышты.

Авторлордун айтымында, Мамкаттоо кызматына аталган уюмдардан жарандардын паспортунунун чыныгы экенин текшерүү боюнча көп кайрылышат экен. А өздөрүндө андай мүмкүнчүлүк жок. Өзгөчө нотариалдык конторалар арыз жазган кишинин дарегин же үй-бүлөлүк абалын текшерүүдө кыйналышат.

Пилоттук долбоор 2017-жылдын 1-декабрынан 2019-жылдын 10-декабрына чейин өтүүдө. Эми Юстиция министрлиги аталган тараптарга жарандардын паспорту жөнүндө маалыматты төлөм негизде берүүнү сунуштап олтурат. Бул эмне дегендик? Аталган тейлөө кызматтары аны албетте, өз капчыгынан төлөбөйт. “Дарегиңизди такташым керек” деген шылтоо менен сиз менен биздин чөнтөгүбүздөн алышат. Ошондо өзүңдүн паспортуң жөнүндө маалыматты өзүң сатып алып каласың.

Министр болсо, аны айтпай, “Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө” КР мыйзамы катуу сакталып, ашыкча маалымат чыгып кетпестигине кепилдик берүүдө.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 17 + = 18

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: