«Хизбут-Тахрир» диний экстремисттик уюмунун мүчөсү, коңшу мамлекеттин жараны Ш.Т. аттуу адам Бишкектен кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 6-ноябрда УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Алардын маалыматына караганда, шектүү Ш.Т. коңшу мамлекеттердин биринде «Хизбут-Тахрир» диний экстремисттик уюмуна катышкандыгы үчүн эл аралык издөөдө жүргөн. Ал жасалма паспорт менен Кыргызстандын аймагында экстремисттик иштерди жасап, диний экстремисттик уюмдардын жашыруун ячейкаларынын иш-аракеттерин жетектеп келген. Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, шектүү Бишкектеги № 1 тергөө абагына киргизилди.
Булак: Kyrgyztoday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ