3-ноябрда АКШнын Нью-Йорк шаарында Нейт Диаз жана Хорке Масвидаль, Кейтлин Чукагян жана Женифер Мая таймашкан. Армян каны бар кыз калыстардын чечими менен атаандашын утуп алган эле. 5-ноябрда Кейтлин айым эң жеңил салмактагы чемпион Валентина Шевченкону таймашка чакырды:
“UFC мен эмне каалагынымды жакшы билет. Мен Шевченко менен беттешкенге татыктуу боло алдым. Бардыгын жеңип келем, башка мушкер да калбай калды. Уюштуруучулар уруксат берсе, 5 мыктыга кирген кыздар менен мушташканга даярмын. Азыр Валентина Шевченкону чакырып жатам. Бул таймашты уюштуруп бергиле”, – деп Чукагян UFCнин жетекчилигине кайрылды.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ