Menu

Токко урунуп каза болгон жоокер боюнча жаңы жагдайлар айтылды

Бөлүшүү:

ЖАМКнын Кайтаруу жана күзөт департаментинин жоокеринин өлүмү тууралуу жаңы жагдайлар айтылды. Бул тууралуу алдын ала маалыматтарга таянып, ЖАМКнын маалымат кызматы бүгүн, 6-ноябрда билдирди.

Алардын айтымында, аскери жүрөк оорусунан көз жумган. Аскердин сөөгүн адистер карап чыгышкан. Алдын ала маалыматтарга караганда, жоокердин өлүмүнө жүрөк оорусу себеп болушу мүмкүн. Каза болгон аскер Жалал-Абад облусунун тургуну, ал ыкчам кызмат өтөөгө 2018-жылы чакырылып, инженердик-техникалык жабдууларга жоопкер болгон.

Эске сала кетсек, 5-ноябрда ЖАМКнын кайратуу жана күзөт департаментинин аскери токко урунуп каза болгону тууралуу ЖАМКнын маалымат кызматы билдирген эле. Аталган факт боюнча кылмыш иши козголгон. Учурда ишти иликтөө менен Бишкек гарнизондук соту алектенип жатат.

Булак: Kyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 51 = 59

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: