Menu

Сооронбай Жээнбеков, президент: “Турдакун Усубалиевич менен парламентке депутат болуп, үзөнгүлөш иштеп калдым. Экөөбүз эки тармактык комитетке төрага болдук”

Бөлүшүү:

Бүгүн, 6-ноябрь мамлекеттик жана саясий ишмер, Кыргыз эл Баатыры Турдакун Усубалиевдин туулган күнү. Маркумдун 100 жылдык мааракесине  арналган салтанаттуу иш-чара Бишкектеги Т. Сатылганов атындагы улуттук филармониясында болуп өттү. Ага президент Сооронбай Жээнбеков катышып, сөз сұйлөдү. Мамлекет башчынын сөзүн толугу менен бердик. Ал төмөндө:

«Урматтуу мекендештерим!

Сейрек кезде гана бүткүл өлкөнүн тарыхын айрым адамдын тагдырынан бөлүп кароого болбой турган учурлар болот. Бүгүн биз жүз жылдык юбилейин белгилеп жаткан кыргыз саясатынын патриархы, элибиздин сыймыгы, улутубуздун улуу инсаны Турдакун Усубалиевичке ушундай тагдыр туш келиптир. Чейрек кылым Кыргызстанды жетектеп, өлкөбүздү өнүгүүнүн бийик тепкичине жеткирген улуттук лидердин юбилейин белгилөө — баарыбызга сыймык жана шыктануу тартуулаган окуя. Баарыңыздарды куттуктайм!

Турдакун Усубалиевич өлкөнү башкарган 1961-85–жылдар — Кыргызстандын тарыхында өчпөс тамгалар менен жазылып калган, „алтын доор“ болду.

«Тоо алыстан даана көрүнөт» дегендей, бул жылдардын өлкөбүз үчүн тарыхый мааниси, ал тарыхты жараткан элибиздин эмгеги, ошол кезде журтубузду алга сүрөгөн Усубалиевдин бийик лидерлик сапаттары келечекте дагы даана байкалат. Бүгүн биз сөз кылып жаткан жылдарда Кыргыз ССРинин экономикасында гана эмес, жалпы эле бардык чөйрөлөрүндө, мурда болуп көрбөгөн өсүп-өнүгүү орун алды. Айрым бир өлкөнүн экономикасы жогорку темп менен өнүксө, „экономикалык керемет“ жаралды, „экономическое чудо“ орун алды деп, анын себебин издеп, кайра-кайра жазып келишет.

Ал эми Усубалиевдин учурунда, биздин республикада — айыл чарбада, өнөр-жайда, энергетикада, саламаттыкты сактоодо, билимде, маданиятта — дээрлик баардык чөйрөдө „өнүгүүнүн керемети“ орун алды. Өлкөбүздүн экономикалык гана эмес, кеңири масштабдуу өнүгүүсүнүн өзгөчө доору болгон деп бааласак жарашат. Бул — абдан сейрек кездешчү, уникалдуу тарых десек болот.

Сөзүбүз куру болбош үчүн айрым гана фактыларды келтирейин. Аталган мезгилде республикабызда өнөр жай тармагы калыптанды, гидроэлектростанциялар, заводдор, фабрикалар, жеӊил өнөр жай ишканалары курулду. Жалпы Борбордук Азияга мааниси чоң — Токтогул ГЭСи, Күрпсай, Ташкөмүр, Шамалдысай, Үч-Коргон ГЭСтери пайдаланууга берилди. Республиканын территориялык бүтүндүгүнө таасири чоң — Ош-Фрунзе жолунун курулушу аяктады. Жамбыл–Талас-Суусамыр, Ош-Сарыташ-Карамык жолдору курулду. Ошол жылдары „Манас“ эл аралык аэропорту, „Ала-Тоо“ аянты, Улуттук филармония, Кыргыз драма театры, Орус драма театры, Өкмөт үйү, Илимдер академиясы, Борбордук китепкана, Тарых музейи, Борбордук цирк, коопсуздук жана коргонуу органдарынын имараттары курулуп, ишке киргизилгенин — бүгүн ушул жерде олтургандардын көпчүлүгү билебиз.

Турдакун Усубалиевич ушул жана башка курулуштарды долбоорлоо, каржылоо жана сапаттуу куруу үчүн жеке камкордук көрүп, тикелей көзөмөл кылган. Ошол кезде бир нече кичи райондор курулуп, жүз миӊдеген квартиралар пайдаланууга берилген. Турдакун Усубалиевичтин эмгегине ыраазы болгон Чынгыз Айтматов, аны — борбор калаабыздын „башкы архитектору“ деп атаган.

Жалпы республиканын аймагында ооруканалар, маданий эс алуу, жогорку окуу жайлар, социалдык объектилер курулган.

Баардык облустардын жана райондордун борборлорундагы административдик имараттар ошол мезгилде курулуп, ишке берилген.

Аталган жылдары жогору механизацияланган айыл чарбасы калыптанды.

Жаңы жерлер өздөштүрүлдү. 300 миң гектардан ашык жерге суу жеткирилип, дыйканчылык абдан жакшы темп менен өнүктү.

Мал чарбасы өстү. Койдун, уйдун, жылкынын асыл тукумдуулугу жакшырды.

Эт, сүт, жүн өндүрүүнүн темпи абдан жогору болуп, республикабыз жалпы Союзда алдыңкы орунду ээледи.

Ири эт комбинаттары, сүт заводдору ишке кирип,  кайра иштетүү өнөр жайы дүркүрөп өнүктү.

Усубалиевдин тушунда, элибиздин маданий өнүгүүсү абдан бийик болгон. „Социалисттик Эмгектин Баатыры“ жана „СССРдин эл артисти“ деген наамга ээ болгон маданият кызматкерлеринин саны боюнча — республикабыз СССРде үчүнчү орунда турган.

»Кыргыз киносунун керемети« эл аралык чөйрөдө таанылган.

Улуттук интеллигенциянын саны көбөйгөн, илим-билим өнүгүп, республикабыз жалпы союздук космосту изилдөө, коргонуу жана машина куруу долбоорлоруна  катышкан.

Бул жылдар бардык тармактар боюнча кескин өзгөрүүлөрдүн, улуттук өнүгүүнүн мезгили болгон.

Турдакун Усубалиевич Кыргызстанды агрардык өлкөдөн чыныгы агрардык-индустриялык өлкөгө айлантуу үчүн жан аябай күрөшүп келген.  Аны ишке ашырган.

Мунун далили катары 80-жылдары Кыргызстан дүйнөнүн 53 мамлекетине ар кандай өнөр жай продукциясын экспорттоп турганын айтсак болот.

Мындан тышкары, Турдакун Усубалиевич — Кыргызстанды ар түрдүү кооптуу долбоорлорду ишке ашыруу аракеттеринен  сактап калган.

Ал Соң-Көлдүн суусун Нарын дарыясына бурабыз деген коогалаңдуу долбоордон жана Чаткал дарыясына суу сактагыч куруп, ал территорияны сууга бастыра турган коркунучтан сактап калганын улуу муун жакшы билет.

Чүйдө кара куурайды, Ысык-Көлдө апийимди өстүрүүнү токтотуу үчүн Союздун деӊгээлинде кайра–кайра маселе коюп жүрүп, элибиздин генофондуна зыян келтирчү чоӊ кырсыктан сактап калган.

Бул күч-аракеттери — анын канчалык көрөгөч жана даанышман, өз эли-журтун сүйгөн мыкты патриот уул болгондугун айгинелеп турат.

Урматтуу мекендештерим!

Турдакун Усубалиев — республикалык гана эмес, жалпы союздук масштабдагы мамлекеттик, партиялык ишмер болгон. Ал 1943-жылы партиялык мектепке жөнөтүлүп, эки жыл окугандан кийин, 1955-жылга чейин — он жыл бою КПСС Борбордук Комитетинин аппаратында иштеген. Москвада 12 жыл жашап, Советтер Союзунун дээрлик бардык жеринде болгон. Башка республикалардын турмушун, экономикасын, маданиятын жакындан билген. Ушул мезгилде терең билимге, кеңири көз карашка ээ болгон, саясий такшалуудан өткөн.  Бул тажрыйбасы — кийин Кыргызстанды өнүктүрүү үчүн чоң роль ойногон фактор болгон. Ал республиканы башкарган мезгилдерде беш жолу СССР Жогорку Советинин депутаттыгына шайланган. КПСС Борбордук Комитетинин съезд, пленумдарында чоң маселелерди көтөрүп, өзүн жалпы Союздун келечегине күйгөн партиялык жетекчи катары көрсөткөн. Албетте, Турдакун Усубалиевич — партияга берилген ишмер болду, ага чын дилинен, ак кызматын өтөдү. Бирок, түпкүлүгүн айтканда — кылган эмгеги, башынан аягына чейин, жалпы элге, өлкөнүн кызыкчылыгына арналды. Партиядан аны адилетсиз чыгарып коюшканда, ага жалпы элдин колдоосу дем-күч берди, адилеттик кайра келээрине болгон ишеними аны чыйралтты. Азыр да өлкөбүз „өзүмдөн да — мекеним ыйык“ деген позициядагы адамдарга  муктаж. Баарыбызды бириктирген „Кыргызстаным“ деген улуу сезим, мамлекетчилдик рух керек. Мунун мисалын биз Турдакун Усубалиевичтин өмүр жолунан таба алабыз деп ойлойм.

Урматтуу мекендештерим!

Турдакун Усубалиевич эгемен Кыргызстанда парламентаризмди өнүктүрүүгө да чоң салым кошту. Ал 1995-жылдан тартып эки жолу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаттыгына шайланып, эгемен мамлекетибиздин тарыхындагы эӊ маанилүү чечимдердин кабыл алынышына себепкер болду.

Мен ошол кезде Турдакун Усубалиевич менен парламентке депутат болуп, үзөнгүлөш иштеп калдым. Экөөбүз эки тармактык комитетке төрага болдук. Айрым депутаттык комиссияларга чогуу мүчө болдук. Парламенттин жыйындарында олуттуу жана актуалдуу маселелерди көтөргөнүнө, келтирген аргументтеринин абдан негиздүүлүгүнө күбө болгом. Баарыӊыздар эле ал учурларды көрүп-билип калдыңыздар.

Турдакун Усубалиевич өлкөнүн экономикасы, айрыкча айыл чарбасы, сууну пайдалануу жана тоо-кен тармагы боюнча маселелерди дыкаттык, иш билгилик менен демилгелеген.

Ал бардык учурда фактыларга, цифраларга гана таянган, жүйөлүү аргументтери менен — ар кандай жетекчини, саясатчыны ынандыра билчү.

Ал келечекти кылдат баамдаган, эл аралык авторитети бар, устат саясатчы экендигине терең ынангам.

Урматтуу замандаштар!

Турдакун Усубалиевич эң жогорку кызматта турганда да, депутаттык милдетин аткарып жүргөндө да, өз позициясында бекем туруп, көкүрөктөгү чындыгынан жазбай, мамлекет алдындагы ыйык милдетин адал аткарып, „өзүм эмес — элим“  деп  жашап өттү.

Ал киши, чындыгында эле — феноменалдуу эс тутуму бар, республиканын аймактарын, андагы иштеген кадрлардын ар бирин мыкты билген, тирүү легенда, басып жүргөн архив болчу.

Анын өмүрү, мамлекеттик ишмердиги — элдин эсинде ак барактай таза, чындык менен ширелишкен бойдон калды.

Кадырман аксакалыбыз өтө жупуну турмушту жактырып, бой көтөрбөй,  байлыкка, көрпенделикке азгырылбай өмүр өтөдү.

Анын жетекчилик гана эмес, инсандык сапаттары тууралуу да жакшы сөздөр аңыз болуп айтылып, урпактарга жетет деп ишенебиз.

Урматтуу мекендештерим!

Бүгүнкү күндө Турдакун Усубалиевдин жетекчилик ишмердигине ар кандай саясий позициядагы адамдар баа берип келишет. Алардын  көпчүлүгү — бул уникалдуу инсандын лидерлик күчтүү таасирине, бийик адамгерчилигине, теӊдешсиз иштермандыгына, даанышмандыгына ынанышат. Усубалиевдин келишпес сынчылары да анын тереӊ билимин, мамлекеттик деӊгээлде ойлоно билген акыл-эсин, тереӊ тажрыйбасын, элим деп жашап өткөнүн тана алышпайт.

Турдакун Усубалиевичтин өткөн жолуна саресеп салып, айтаар элем: ал эң кыйын учурларда, тоталитардык система күчүндө турган кезде — кыргыз элинин кызыкчылыгын жогору коюп, аны коргоп калууга бүткүл күч-аракетин жумшады. Кыргыз элинин келечек-тагдыры үчүн кайгырып, сүйүнүп, күйүп жүрүп, жашап өттү.

Урматтуу мекендештерим!

Кыргыз  Республикасынын тарыхында кадырлуу жетекчинин бүтүндөй доорду камтыган өмүрү менен иши чоӊ орунду ээлейт. Мекенине өтөгөн эмгеги дайыма элдин эсинде калат. Улуу инсаныбыздын ысымын ыйгаруу боюнча мыйзамда белгиленген беш жылдык мөөнөт жакында аяктайт. Усубалиев өзү курган Күрпсай ГЭСине анын аты берилди. Мындан тышкары, Турдакун Усубалиевич өзү майрамдык параддарды кабыл алып жүргөн Өкмөт үйүнүн алдындагы Эски Аянтка жана Бишкек шаарынын райондорунун бирине анын ысымын ыйгарсак — туура иш болот деп ойлойм. Эң негизгиси — улуу инсаныбызга койгон эстелигибиз да, эскерүүбүз да,  анын жолун татыктуу улап кетүү менен өлчөнөт. Ал башкаруунун бийик үлгүсүн, жетекчилик абийирдин нукура сапатын көрсөттү. Анын өмүрү — баарыбызга өрнөк, улуу сабак, өлкө үчүн кристалдай таза иштөөнүн үлгүсү. Биз, залкар инсандын өмүрүнөн, эмгегинен таалим алып, элибизге, жерибизге жан үрөп иштешибиз керек. Турдакун Усубалиев — кыргыз мамлекетинин өзгөчө доорунун, жарк этип, тез өнүккөн тарыхый мезгилинин лидери.

Улутубуздун улуу инсаны — жыйырманчы кылымдагы эӊ ири мамлекеттик жана саясий жетекчилердин бири катары тарыхта калат. Бүгүн биз, жалпы кыргыз эли, Турдакун Усубалиевичтин эмгегине, элге арналган өмүрүнө дагы бир жолу таазим этип, ысымын ыйык тутуп олтурабыз. Баарыбыз чогуу улуу жолду улап, урпактарга гүлдөгөн өлкөнү, өнүккөн Кыргызстанды, ыйык Мекенди калтырып кетели! Элибизде ар дайым аманчылык, жергебизде дайыма тынчтык болсун! Сүйүктүү Кыргызстаныбызды Жараткан Кудай Өзү колдосун!»

Эске сала кетсек, 2-ноябрда, Чолпон-Ата шаарында  “Рух Ордо” комплексине Турдакун Усубалиевдин 100 жылдык мааракесине карата эстелиги тургузулган. Кечээ, 4-ноябрда Нарын шаарында айкели ачылса, Бишкектеги улуттук филармонияда салтанаттуу иш-чара уюштурулган. Анда эмгек сиңирген куруучу Асан Давлетов Турдакун Усубалиевдин ысымын Бишкекке берүүнү сунуштаган. Кечээ Бишкекте митинг-реквием болуп өттү. Ошондой эле президент Сооронбай Жээнбеков кечээ небереси Эрмек Усубалиевди кабыл алган. Ошондой эле Турдакун Усубалиевдин ысымы Күрп-Сай ГЭСине ыйгарылды. Бул тууралуу Улуттук энергохолдингдин жетекчиси Айтмамат Назаров социалдык тармак аркылуу бүгүн, 6-ноябрда билдирди.

25 жыл Кыргызстанды башкарган Туурдакун Усубалиев 2015-жылы 7-сентябрда 96 жашында каза болгон. Ал 1919-жылдын 6-ноябрында Нарын облусундагы Кочкордо туулган. Совет доорунда 25 жылга жакын Коммунисттик партиянын Борбордук Комитетинин биринчи катчысы болгон. Кыргыз Республикасынын Баатыры наамын алган, «Ак шумкар», «Манас», «Ленин», «Эмгек кызыл туу» жана башка ордендердин ээси.

 Булак: Kyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 14 − = 9

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: