Бул тууралуу 6-ноябрда express-k.kz сайты жазып чыкты.
“Гидра” – КМШ өлкөлөрүндөгү эң ири наркомафия. Орус журналисттеринин маалыматы боюнча, кылмышкерлер Казакстан менен Кыргызстанда кеңири тамыр жайышкан. Сөз “майда туз” аталган баңгизатты Telegram аркылуу көмүскө сатуу жолго коюлганы жөнүндө айтылууда.
Жакында эле бир өспүрүмдүн энеси баласынын компьютеринен кокаин, марихуана, синтетикалык баңгизаттарды саткан Telegram-баракчаны көрүп калган. Ошол замат полицияга барып, Казакстандын наркорыногун “Гидра” деген наркомафия көзөмөлдөөрүн билген.
lenta.ru басылмасынын маалыматы боюнча, Казакстанда, Арменияда, Тажикстанда, Кыргызстанда, Өзбекстанда бул уюмдун жүздөгөн борборлору бар. Ал эми Орусияда миңдеп саналат.
Наркомандар Telegram аркылуу баңгизат саткан сайттарга оңой эле кире алышат. Ал эми “Гидранын” онлайн-аянты үч миңдеген баңгизат сатуучуларды бириктирет. Тапкан кирешелерине оозуң ачылат. “Гидра” соцтармактардагы жарыялар үчүн эле айына миллион доллар коротот.
Азыркы тапта КМШ өлкөлөрүнүн баңгизатка каршы күрөшүү түзүмдөрү биргелешип иш алып барышса да, алгылыктуу көрсөткүчтөргө жетише элек. Ошондуктан өспүрүм балдардын компьютерлери менен телефонундагы кирген сайттарына көзөмөл жүргүзүп койсоңуз, ашыктык кылбайт.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ