Menu

Орус-кыргыз өнүктүрүү фонду аймактардагы ишкерлерди көбүрөөк колдойт

Бөлүшүү:

Мындай тилегин фонддун жетекчиси Эркин Асрандиев 6-ноябрда билдирди. Үстүбүздөгү жылдын 1-ноябрына карата Орус-кыргыз өнүктүрүү фонду 2 миң 227 долбоорду 373,5 млн долларга каржылаган.

Үч жыл мурда бөлүнгөн каражаттардын 70%ы Бишкек менен Чүй облусуна тиешелүү болсо, азыр абал кескин өзгөргөн – бардык долбоорлордун 82%ы жана каражаттардын 58%ы региондорго туура келет. Мындай тенденция облустарда ири ишканалардын өнүгө башташы менен байланыштуу.

“1 млн доллардан ашкан долбоорду каржылоо үчүн ишкерлер түз эле бизге кайрылышса болот. Бул Бишкек менен Чүй облусунун ишкерлерине тиешелүү. Калган аймактар үчүн босого төмөндөтүлгөн. Алар 200 миң доллардык долбоорлор менен бизге түз кайрылышса болот”, – дейт Асрандиев.

Өнүгүү фондунун кредиттик капчыгы төмөндөгүдөй:

  • 54% — агро өнөр жай комплекси жана өндүрүш;
  • 12% — туризм;
  • 11% — транспорт логистикасы;
  • 10% — инфраструктура;
  • 8% — башка тармактар;
  • 4% — байланыш жана маалымат технологиясы;
  • 1% — финансылык ишмердүүлүк.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 78 = 80

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: