Menu

Айбек Калиев, ЖЭБ боюнча айыпталуучу: «Эртең ЖЭБдин эски бөлүгү сынбайт»,- деп эч ким кепилдик бере албайт. Себеби…»

Бөлүшүү:

Бүгүн, 6-ноябрда, Свердлов райондук сотунда Бишкек ЖЭБнин модернизациялоо боюнча кылмыш ишинин кезектеги сот отуруму уланды. Буга чейин бир топ айыпталуучулар суралды. Бүгүн кезек «Улуттук энергохолдинг» компаниясынын мурдагы төрагасы, айыпталуучу Айбек Калиевге келип, ал суракка алынды.

Ал сотто Бишкек ЖЭБ боюнча буларды айтты. «Мамлекеттик техникалык инспекциядан корутунду алынган. Бир дагы объект алардын уруксаты жок ишке кирбейт. «Кимдир-бирөөгө басым жасап, шаштырды» деген айыптоолор жалган. Эч кандай шашылыш график болгон эмес.Эгер айып логикасына таяна турган болсок, анда жылуулук борбору жабылышы керек болчу. Эмне үчүн азыркыга чейин ЖЭБдин ишин токтотуп, аны жаап салышкан жок? Себеби, бул материалдык далил да. Азыр баары отуруп алып жаңы кытайлык ЖЭБге сыйынышууда. «Эртең ЖЭБдин эски бөлүгү сынбайт»,- деп эч ким кепилдик бере албайт. Себеби, ал жакта жабдыктар эскирген»,— дейт Айбек Калиев.

Эске сала кетсек, 2018-жылдагы кышкы чилдеде, ЖЭБде авария болуп, Бишкектин тургундары бир жума бою жылуулуксуз калган. Үшүп калган эл андагы аткаминерлерди катуу сынга алып, алардын жоопко тартылышын талап кылган. Эксперттердин жыйынтыгы боюнча, «Бишкек ЖЭБин модернизациялоо» долбоорун даярдоо, кол коюу жана ишке ашыруудагы коррупция мамлекетке 5 миллиард 439 миллион сом зыян алып келген.  Оңдоп-түзөө иштеринде коррупция бар экени аныкталып, бир топ андагы атка минерлерге кылмыш иши козголгон. Бир гана мурдагы финансы министри Ольга Лаврова үй камагына чыгып, калганы камакта калган. Алар: экс-премьер-министрлер Сапар Исаков, Жантөрө Сатыбалдиев, мурдагы энергетика министри Осмонбек Артыкбаев, «Улуттук энергохолдинг» компаниясынын мурдагы төрагасы Айбек Калиев, анын ошол кездеги орун басары Жолдошбек Назаров, «Электр станциялары» ишканасынын мурдагы жетекчиси Салайдин Авазов жана ЖЭБди модернизациялоо долбоорунун мурдагы аткаруучу директору Темирлан Бримкулов. Булардын баарына «Коррупция» жана «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренелери менен айып тагылган.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 7 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: